super.kg logo

Өзгөндө эки унаа сүзүштү. Бири күйүп кетип айдоочусу каза болуп калды

 

Өзгөн районун Кароол айылында эки унаа сүзүшүп кетип, бири күйүп кетти. Анын кесепетинен айдоочулардын бири каза болуп калганын SUPER.KG'ге Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев кабарлады. Анын айтымында, кырсык 22-сентябрь күнү саат 22:25 чамасында катталган.

"Чоң-Алай районунун 31 жаштагы тургуну жүк ташыган Mersedes Benz унаасы менен баратканда артынан Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу келип катуу сүзүп алган. Натыйжада жеңил унаадан өрт чыгып, айдоочусу каза болгон. Айдоочу эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз. Алган жаракатынан улам же күйүп кетип каза болгону экспертизанын жыйынтыгынан кийин билинет. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Теңизбаев.




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
24.09.2018. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы кундору жакшы жанылык укбай калдыкго
24.09.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйуп кеткен бала бизде почтада иштеген эженин баласы экен. Жайы жаннатан болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: