Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата уюштурулган көк бөрү боюнча мелдеште баш байгени "Эмгек-Талаа" командасы жеңип алды
Нарында шаардын 150 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтүп, анда "Эмгек-Талаа" командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы билдирди.
Аталган мелдешке 9 команда катышып, байгелүү орундар үчүн күч сынашкан. Командалар 2 тайпага бөлүнүп, "А" тайпасында 5 команда болсо, "В" тайпасына 4 команда кирген. Мелдештин финалында "Эмгек-Талаа" менен "Долон" командалары кез келип, "Эмгек-Талаа" командасы жеңишти илип кетти.
Муну менен 1-орундун ээси "Эмгек-Талаа" командасы болсо, 2-орунду "Долон" командасы ээледи. Ал эми коло байгелердин ээси "Тынымсейит" командасы болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.