Бишкектеги Эркиндик бульварында эркек кишинин жансыз денеси табылды
Бишкектеги Эркиндик бульварында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат катчысы Мира Абдылдаева билдирди.
Маалыматка ылайык, адамдын жансыз денеси бүгүн, 24-сентябрда саат болжол менен 8:30дар чамасында аталган даректен табылган.
"Азиат түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Анын жаш курагы болжолдуу түрдө 55-60 жаштар чамасында болгон. Денесине алгачкы кароо жүргүзүлгөндө киши колдуу болуп каза болгону аныкталган эмес. Учурда маркумга карата медициналык экспертиза дайындалды. Аты-жөнү такталып жатат", - деди маалымат катчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.