super.kg logo

Депутат мамлекеттик карыз алуунун чегин жогорулатуу боюнча: "Бюджетибиз АКШнын бир университетинин бюджетине барабар"

 

"Мамлекеттик карыздын ИДПга карата коюлган пайыздык чектөөсүнө чейин узак мөөнөттүү карыздарды алсак болот". Мындай пикирин каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда, керектүү багыттарда карыз алууну уланта бериш керек.

"Карызга алынган акчаны ирригация, таза суу, жол тармактарына жумшашыбыз керек. Мамлекеттик карызы ИДПнын жогорку чегине жеткен мамлекеттер көп. Мисалы, АКШнын карызы ИДПнын 106,7 пайызына, Сингапур менен Гренада өлкөсүнүкү 110 пайызына жетти. Германияныкы болсо 80 пайызга барабар", - деди Касымалиев.

Депутат Сайдулла Нышанов биздин өлкөнүн экономикалык абалын АКШныкы менен салыштырбоого чакырды.

“Биздин бюджет АКШнын бир университетинин бюджетине барабар. Бул өзгөртүү менен экономикалык коркунуч пайда болушу мүмкүн. АКШнын мисалын өчүрүңүз. Уят болот антсеңиз”, - деди Нышанов.

Учурда тармактык комитет мамлекеттик карыздын ИДПга карата пайыздык чегин 70 пайызга жогорулатууну талкуулоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.09.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малдан айырмасы жок булардын. Дагы карс алсак болот дейтго. Тойбойт экенда бир жеринен жарып чыкса экен ошол карыз бул жутарлардын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: