Алтын болуп тилек аткарбаса да, көпкө чейин даамы таңдайдан кетпеген Сары-Булактын балыгы









Тоо этегинде кыдырата тизилген көк түстөгү вагондор, кардардын көзүнчө ысык майга чыркырап куурулган Соң-Көлдүн балыгы. Мунун баарына сиз Сары-Булак айылынан күбө боло аласыз.
Айтылуу Долон ашуусунан анча эмес алыс жерде жайгашкан Сары-Булак айылы Нарын облусунун Кочкор районуна карайт. Чакан айылдын тургундары өлкөнүн башка элеттериндегидей эле мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенишет.
Айыл Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жайгашкандыктан ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп, чакан ишкерлик кылгандар дагы жок эмес. Жол жүрүп бара жаткан адамдарга 15 жылдан бери кызмат көрсөтүп келе жаткан Гүлжамал Ашымованы сөзгө тартканыбызда, ал төмөндөгүлөрдү айтып берди.
"Ары-бери өткөн жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп келе жатканыбызга 15 жылдын жүзү болду. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, кардарсыз калган күнүбүз боло элек. Биз балык гана сатабыз. Бул жактагы айрым вагондордо башка тамактарды дагы сатышат. Убакыттын өтүшү менен эл акча чогултуп, вагандордун ордуна заманбап тамактануучу жайларды сала башташты. Бирок ушул көп жылдан бери турган көк түстөгү вагондор Сары-Булактын жана анын эң мыкты балыктарынын символундай сезилет. Ошол себептүү каражатым бар болсо дагы вагонумду башка жаңы имаратка алмаштырайын деген оюм жок", - дейт Ашымова.
Ишкердин айтымында, кардарлардын көпчүлүгү Сары-Булактын балыгы даамдуу экенин айтып, куурутуп алып ала кетишет. Балыктын баасы анын көлөмүнө жараша 1 даанасы 40 сомдон 90 сомго чейин.
"Көпчүлүк кардарлар дайыма келип турушат. Алар балыкты атайын куурутуп, өздөрү менен жакындарына ала кетишет. Көбүнчө бизге Казармандан (Тогуз-Торо) Бишкекке же Бишкектен Казарманга келе жаткан таксисттер, жүк ташуучу автоунаалар көп токтошот. Анан, албетте, чет өлкөдөн келген туристтер. Чет элден келген меймандар "балыкты кандай жол менен даярдайсыңар, даамы сонун экен" деп көп кызыгышат. Балыкты тазалап, ун сээп туруп эле кууруйбуз. Туздан башка эч кандай татымал кошпойбуз. Балыкты Соң-Көлдөн кармап келген үчүн даамдуу болсо керек. Башка жактарда атайын жасалма көлчөлөрдө же балык фермаларында өстүрүлгөн балыктар сатылат. Ал эми биз даярдап саткан балыктар өзүнүн табигый чөйрөсүндө чоңоёт. Күнүнө 50 килограммга жакын балык сатабыз. Киреше жакшы эле түшөт, болгону балык ташыган балыкчыларды да, келип даам сызган кардарларды да нааразы кылбагандай бааны коюу керек", - деди Гүлжамал Ашымова.
Жүк ташуучу унаа айдаган Нурбек Саматовдун айтымында, ал көп жылдан бери Сары-Булактагы ашканалардын кардары.
"Өзүм Кытайдан Бишкекке жүк ташып иштейм. Жолго чыккан сайын атайын Сары-Булакка келип, балык жеп кетем. Көбүнчө айдоочулар Боом капчыгайындагы кафелерге токтошот. А мен болсо ушул жерге токтойм. Бардык шарттары жок болсо да, эмнегедир вагонго кирип балык жегенде гана толук кандуу ырахат алам. Кайсы жактан балык жебейин Сары-Булактыкына жетпейт. Эми убакыттын өтүшү менен бул вагондор алынып, заманбап тамактануучу жайлар курулса керек. Бирок бул жактын балыгын сүйүп жеген көпчүлүк көк түстөгү вагондорду көпкө чейин унутпайт", - дейт кардар.
Соң-Көлдүн балыгын сатып ишкерлик кылып, кабаттуу үй салып, кымбат баалуу унаа айдап, бутуна турган ишкерлер Сары-Булакта да жок эмес.
кошулду
Сары-Булактын тамшанткан балыгы







1 |