super.kg logo

Жети-Өгүз районундагы айылдарда мини-футбол талаалары ачылды

 

Ысык-Көл облусунун Саруу жана Тосор айылдарында “Кумтөр Голд Компанинин ”каржылоосу менен мини-футболдук талаалар ачылды .

Компания кызматкерлери Саруу айылында талаа курууга демилгечи болуп, долбоорду ишке ашырууга өздөрү 570 миң сом чогултушкан. “Кумтөр” болсо Саруу айылында курулушка 1 миллион 499 сом, Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фонду (ал да "Кумтөрдөн" түшкөн акчага) жасалма газон сатып алууга 800 миң сом чыгарды. Ачылышта райондун жаштар уюмдары жолдоштук беттеш өткөрүп, компаниянын өкүлдөрү катышуучуларга кийинки оюндарга топтордун жыйнагын тапшырды.

Ал эми Тосор айылында мини-футболдук талаанын курулушун жүзөгө ашыруу КГКнын 2 миллион 111 миң сом көлөмдөгү салымы, Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү фондунан жер төшөө үчүн 800 миң сом каражаттын, жана ошондой эле “Тосор Коому” Коомдук Бирикмесинин жуунуучу жана кийим которуучу кабиналарды курууга багытталган 150 миң сом көлөмдөгү кошумчасынын, жакын жайгашкан аймактарды жашылдандыруу айыл башкармалыгы кошкон 100 миң сом көлөмүндөгү салымы менен мүмкүн болду.

“Бүгүн бардык жашоочулардын маанайы көтөрүңкү, талааны куруу идеясы эки жыл мурда жаралган, толугу менен бүгүн аяктап отурат. Белгилей кетчү нерсе, долбоорду ишке ашырууда Саруу айылындагы компаниянын кызматкерлери, “Кумтөр” ишканасы менен Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү Фонду, ошондой эле жергиликтүү бийлик өз салымдарын кошушту. Компания өзүнүн операциялык ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан аймактардагы жаштар демилгесин өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды ар дайым колдоп турат”, - деп белгиледи КГКнын генералдык менеджери Болотбек Идирисов.

2013-жылдан тарта жергиликтүү бийлик менен жаштар уюмдарынын суроо-талаптарына такай көңүл буруу менен, “Кумтөр” Жети-Өгүз жана Тосор райондорунун мини-футбол талааларын куруу боюнча милдетин жыл сайын өз моюнуна алып, 2013-жылы Балыкчы шаарында биринчи талаа курулган. “Кумтөр” 2013-2018-жылдары футболдук 7 талаанын курулушун жартылай, айрымдарын толугу менен каржылады. Спортчулар Балыкчы шаарында, Жети-Өгүз районунун Оргочор, Тилекмат, Тосор, Саруу айылдарында, жана ошондой эле Тоң районунун Төрт-Күл менен Кажы-Сайда машыгууга шарты бар. Бардыгы болуп Ысык-Көл облусунда мини-футбол талааларды курууга компаниядан 17 миллион сом бөлүнгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.09.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жасалма газон канча турат экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: