Кыргызстанда казак-өзбек чек арасынын аймагынан аткезчилик жол менен жүк алып бара жаткандар кармалды
Кыргызстанда казак-өзбек чек ара аймагынан аткезчилик жол менен жүк алып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы 4-июлда билдирди. Чек арачылар 400 литр спирт жана 7 тонна өрдөк этин аткезчилик жол менен алып бара жаткан 2 автоунааны кармашты. Жүктүн жалпы суммасы 1 миллион 250 миң сомду түзгөн. Кыргызстандын жана Казакстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө кармалгандарды кыргыз тарапка өткөрүп берүү тууралуу макулдашылды. Ал эми кармалган жүк Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.