super.kg logo

"Күйөөсү менен министрликтин акчасына чет өлкөгө чыккан". Депутат эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри бюджеттин эсебинен үй-бүлөсү менен бир нече өлкөгө барганын айтып чыкты

 

Таалайгүл Исакунова"Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри 2017-жылы күйөөсү менен Сауд Арабияга барганбы?" - деп укук коргоо органдарынан депутат Аида Касымалиева сурады.

Башкы прокурордун орун басары аталган маалыматты тактап бере турганын айтты.

"Премьер-министр уруксат бербесе да эмгек өргүүгө чыгып, үй-бүлөсү менен бир нече мамлекетке чыгып келген. АКШга, Санкт-Петербургга барган. 2018-жылы Лондонго күйөөсү барган. Италияга сапар жасаган. Ага министрликтин акчасы кеткен. Министр, анын орун басары чет өлкөгө көбүнчө окууларга чыгат экен. Атайын адистерге чакыруу келет, бирок алар өздөрүн жаздырып коюшат. Көпчүлүк учурда дипломатиялык паспортту колдонушат. Бул абдан уят иш", - деди Касымалиева.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Таалайгүл Исакунова 2016-жылдан бери иштеп келүүдө. Ал азырынча аталган маселе боюнча комментарий бере элек.

Аталган маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында талкууга алынды. Учурда билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык жактан коргоо, жаштар саясаты жана спорт жаатында балдардын укугун коргоону ишке ашыруу жөнүндө маалымат айтылууда.


кошулду





Депутат "Чиновник үй-бүлөсү менен чет өлкөлөргө чыккан" деп сынга алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
24.09.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Министирликти менчигиндей иштетишет экен да
25.09.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
министрликти өздөрү билип мамлекеттин акчасын каалагадай чачкан атка минерлерди эркинен ажыратып кызматтан алыш керек. булар элдин бийлике болгон ишенимин кетирип жатат.
24.09.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул аялдын уяты жок экен.Мамлекеттин акчасына сайрандагандарды эмнеге мындай ишке аласынар?Айткыла,Ш.Абдыкеримовко.Кайнежесин тыйсын.болбосо ордун бошотсун бул кайнежеси.
24.09.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
barakcha,bul ayaldin kuyoosu uluttuk universitette dekan bolup turup but mumkunchuluktordu oz uybuloosuno paidalgan. Mamleketke bolungon granttyk orundarga ozunun kyzyn, bsldaryn jiberip chet olkodon okuttu
24.09.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары эле ошондой
24.09.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Пенсионерлер 2500-3500 сом менен эптеп оокат кылып жатышат. А булар болсо сайраңдап журушот.Эгер чын болсо, мыйзам чегинде жазалаш керек.
24.09.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чет олкого кобунчо окууларга чыгат экен дейби? Окуу бул жакта турсун булар кыргыз тилин чала була суйлосо каяктагы окууу
25.09.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай министрлерди тезинен териштирип, кызматын иликтеп чыгышы керек. Бул министр айым АШАнын доорунан бери эле иштеп келет. Эгер чынында эле мамлекеттин акчасына тайрандай турган болсо кылмыш ишин козгош керек.
25.09.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл тишинин кирин соруп, тыйынды-тыйынга кагып жашап жатканда, ойсоке министрлердин чартаңбай тээп жатышы алардын мыйзамды көзгө илбей, убал-сооптон коркпой калганын билдирет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: