super.kg logo

Чамдаңыз! Мектепте жана жогорку окуу жайларында окутулбаган, бирок жашоодогу эң маанилүү сабактарды кайдан алса болот?

 

Жашоодо ийгиликке жетүүнүн стратегиясы мезгилдин өтүшү менен өзгөрүп жатат. Бирок ийгиликке жол ачкан булактардын бири болгон - билим берүү системинде өзгөрүү жок. Мындан улам Аскар Салымбековдун “Кыргызстандын жаш лидерлери” фондусу жана "Кыргызстандын өспүрүм лидерлери" коомдук мектеби деген 2 долбоордун алкагында жаш муунга мектепте, жогорку окуу жайларда үйрөтүлбөгөн, жашоодо зарыл болуп жаткан тармактар боюнча окутуулар ишке ашырылууда.

"Кыргызстандын жаш лидерлер мектеби" - 17 жаштан 25 жашка чейинкилерди окутат.

"Кыргызстандын өспүрүм лидерлери" - мектеп курагындагыларды окутат.

КУРСТА ЭМНЕЛЕР ҮЙРӨТҮЛӨТ?

Ар бир адамдын ичинде катылган, бурганактап сыртка чыга албай жаткан талант бар, аны ачууга түрткү керек. Мындан тышкары балада, өспүрүмдө, студентте уялчаактык, оюн туура жеткире албоо боюнча маселелер болсо муну жоюу мүмкүн. Болгону алар менен тиешелүү адистер иштеши зарыл.

Комплекстүү окутууларды ишке ашырган уникалдуу долбоордун катышуучулары 3 айлык курстан өтүшөт.

Анын ичинде:

✔ Оратордук чеберчилик;

✔ Тайм менеджменти;

✔ Бизнести пландоо;

✔ Ишкердик этикет;

✔ Психология жана башка багыттар. Мектеп окуучуларына бул тренингдерден тышкары англис тили, менталдык арифметика сыяктуу башка багыттарда дагы билим берилет. Ал эми студенттерге кошумча төмөндөгү багыттар берилет;

✔ Өлкөнүн эң алдыңкы бизнесмендери катышуучуларга дем берген тренингдерди өтүшөт;

✔ Өлкөнүн атактуу, ийгиликтүү инсандары жеке тажрыйбалары, ийгилик сырлары менен бөлүшөт;

✔ Коучтардан профессионалдык лекциялар жана кызыктуу, ийгиликтүү, алдыңкы бизнес жайларга экскурсиялар;

Курстун аягында анын катышуучуларынын ар бири өзүнүн бизнес-планын жактайт. Андан соң лицензияланган сертификат тапшырылат.

ЛИДЕР БОЛУУ - СЕНИН ТАНДООҢ!

Аталган долбоор 2014-жылдан тартып Аскар Салымбековдун фондусунун колдоосу менен ишке ашырылып келе жатат. Бул жылдар аралыгында окуудан өткөн балдардын окууларында, ишинде бир топ өзгөрүүлөр байкалган. Айрымдары өз алдынча бизнес баштоого үлгүрсө, чет мамлекеттеги алдыңкы окуу жайларга кабыл алынгандар арбын. Ал эми тренингден өткөн окуучулардын окуудагы жетишкендиктери жогорулап, андагы окутуучуларга ата-энелер тарабынан айтылган ыраазычылыктар көп. Андыктан 3 ай ичинде комплекстүү курстан өтүү менен бүтүндөй келечекке кенен жол ачуу ар бир баланын өзүнүн колунда.

АЙЛАНАҢ ИЙГИЛИКТҮҮ АДАМДАР МЕНЕН КУРЧАЛСЫН

"Кыргызстандын жаш лидерлери" долбоору - социалдык долбоор катары өлкөнүн келечегин түзгөн жаштарга түз жана туура жолду көрсөтүүнү максат кылат. Жашоодо чоң жетишкендиктерге жеткен инсандар менен көп аралашуу - баланы, жаштарды бийиктикке жетелейт.

Курска кабыл алуу чектелүү, ал үчүн бул шилтеме https://www.facebook.com/fpi.kg/ менен кирип, толук маалымат алсаңыз болот. Маалымат үчүн 0703 06 12 10, 0772 05 12 05 номерлери да иштейт. Жазылуу мөөнөтү 28-сентябрда аяктайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.09.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче бул окууга жазылгандардын саны коп болот. Жакшы идея экен. Мындай курстар Жаштарды созсуз шыктандырат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: