super.kg logo
  Саясат  

Депутат Рыскелди Момбеков: "Кыргыз өкмөтүндө иштеген айымдар аракечтикке жол берип, эл аралык аброюбузду төмөндөттү"

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан кабарлашкан. Министрдин орун басары эл аралык аба каттамда учактагы чыры үчүн кызматтан алынды.

SUPER.KG порталынын "Өлкөнүн аброюн түшүргөн аткаминерлерди жумуштан кетирүү менен эле жазалоо жетиштүүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жооп берди.

Анын пикиринде Зууракан Каденованы жөн эле кызматтан бошотпой "ишенимден чыкты" деген негизде жумуштан бошотуу керек.

"Бул айымды убагында билим берүү министринин орун басарлык кызматынан кетиришкен. Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары болгон. Ал жерден дагы шалаакылыгы боюнча жумуштан кеткен. Билим берүү министрлигинен дагы кызматтагы кетирген кемчилиги үчүн кеткен. Кыргыз өкмөтүнүн ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирди. Кыргыз өкмөтүндө иштеген айымдар аракечтикке жол берип, эл аралык аброюбузду төмөндөттү. Кызматтан кетирүү - эң чоң жаза. Мындай адамдар кайра кызматка келип калбашы үчүн мамлекеттик кызматка кайтып келгис кылып кетирүү керек", - деди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Алмазбек Токторов, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саясатчы Адахан Мадумаров, медиа эксперт Авланбек Жумабаевдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: