Кыргыз спортчусу Ксения Палкина Казакстанда өткөн теннис боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болду
Кыргыз спортчусу Ксения Палкина Казакстанда өткөн теннис боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын теннис федерациясы билдирди.
Аталган мелдеш 17-22-сентябрда Шымкент шаарында өттү. Ксения Палкина мелдештин жүрүшүндө 5 таймаш өткөрдү. Алгач орусиялык Екатерина Макарованы 6:1 жана 7:5 эсепте утуп, кийинки айлампада орусиялык Анна Яковлеваны 6:2, 6:2 эсепте жеңди. Чейрек финалда Палкина казакстандык Екатерина Дмитриченкону 7:5 жана 6:4 эсебинде утуп алган. Муну менен ал жарым финалга чыгып, анда орусиялык Ульяна Айзатулинаны 7:6, 2:6 жана 6:4 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Финалдык беттеште Ксения Палкина украиналык Марина Чернышова менен кез келген. Беттештин 1-бөлүгүндө Ксения Палкина 1:0 менен жеңишке жетип, андан соң Марина Чернышова беттешти улантуудан баш тартты.
Муну менен Ксения Палкина эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.