super.kg logo
  Саясат  

Депутат Данияр Төлөнов: "Саясий чечим менен Каденованы мамлекеттик кызматка жакындатпаш керек"

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан кабарлашкан. Министрдин орун басары эл аралык аба каттамда учактагы чыры үчүн кызматтан алынды.

SUPER.KG порталынын "Өлкөнүн аброюн түшүргөн аткаминерлерди жумуштан кетирүү менен эле жазалоо жетиштүүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнов жооп берди.

Ал Зууракан Каденованы жөн эле кызматтан кетирүү жетиштүү эмес экенин айтты.

"Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Кореяда көптөгөн Кыргыз мигранттары, ошол жакта окуп жаткан студенттер бул окуяны интернеттен окуп, намыстанып жатышат. Бул маселени катуу караш керек. Элдик талкууга коюп мамлекеттик кызматка жакындатпаш керек. Өкмөттүн курамы алмашса кайра келип калышы мүмкүн. Министр же министрдин орун басары болуп келсе кечээги кылыгы менен биз башка мамлекеттердин алдында уят болобуз. Жеке оюм, мындай кишилерди саясий чечим менен 10-15 жылга мамлекеттик кызматка жакындатпаш керек", - деди Төлөнов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Алмазбек Токторов, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саясатчы Адахан Мадумаров, медиа эксперт Авланбек Жумабаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: