super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмазбек Токторов "мас абалда учакта чуу салды" делген Зууракан Каденова тууралуу: "Окуяны териштирбей туруп бирөөнү кызматтан кетирген туура эмес"

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан кабарлашкан. Министрдин орун басары эл аралык аба каттамда учактагы чыры үчүн кызматтан алынды.

SUPER.KG порталынын "Өлкөнүн аброюн түшүргөн аткаминерлерди жумуштан кетирүү менен эле жазалоо жетиштүүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов жооп берди.

Ал билдиргендей, Түштүк Кореяда жүргөн министрдин орун басарынын келишин күтпөй, териштирбей туруп кызматтан кетирүү туура эмес.

"Келгенден кийин окуяны бейтарап тактап чечим чыгарыш керек. Эгерде жүрүм-туруму чын эле ошондой болгон болсо, анда кызматтан кетиши зарыл. Окуя кандай болгонун биз так биле элекпиз да. Бир гана мамлекеттик кызматкерлер же аткаминерлер эмес, бардык жаран тийиштүү жерде өзүн маданияттуу алып жүрүшү шарт", - дейт Токторов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Данияр Төлөнов, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саясатчы Адахан Мадумаров, медиа-эксперт Авланбек Жумабаевдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: