super.kg logo

АКШ бийлиги грин-карт алуу боюнча шарттарды татаалдаштырууну пландоодо

 

АКШнын бийлиги грин-карт алуу боюнча шарттарды татаалдаштырууну пландоодо. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Ички коопсуздук министрлиги 447 барактан турган документ даярдаган. Анда грин-карт алууну каалаган чет элдик жарандардын социалдык Medicaid кызматын колдонуп, талондор аркылуу тамактанганы жана социалдык турак жайда жашаганы аныкталса, грин-картты алуу кыйынга туруп калат.

Бул социалдык колдоолорду алып жүргөн айрым адамдар грин-картты алуу үчүн 10 миң долларга чейин күрөө төлөшү мүмкүн. Ал эми укук коргоочулардын айтымында, аталган демилге кирешеси аз болгон чет элден келген үй-бүлөлөрдү аталган аймакта туруктуу жашоого мүмкүнчүлүк алуу же социалдык колдоолорду алуу деген тандоонун алдында туруп каларын айтып чыгышкан. Ошондой эле бул долбоор балдардын медициналык жардам алуусуна жана тамактануусуна жолтоо боло турганын билдиришкен.

Бийлик өкүлдөрүнүн билдиргенине ылайык, демилге ишке ашса жылына 382 миң адам социалдык колдооодон баш тартып калуусу мүмкүн. Бул кадамдар АКШнын аймагына өзүн жана үй-бүлөсүн камсыздай ала турган адамдардын келүүсүнө шарт түзүп, АКШнын социалдык камсыздоо системин ашыкча чыгым кылбайт.

Аталган токтом парламент тарабынан расмий кабыл алынбайт. Бирок коомдук талкууга коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
24.09.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоюп эле салбайбы анча болду
24.09.2018. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oscar, кетем деп жүргөндөргө кыйын болбойбу анда. Биздин мекендештер бул жеңилдик алган категорияга кирбейт. Ошондуктан ойлонуунун кажети жок
25.09.2018. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан башталат экен толтуруу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: