super.kg logo

"Эйр Астана" компаниясы Зууракан Каденованын учактагы окуясын иликтеп жатат

 

"Эйр Астана" компаниясы Зууракан Каденованын учактагы окуясын иликтеп жатканын 24-сентябрда Казакстандагы "Tengrinews.kz" сайты жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, учак коштоочулар Зууракан Каденованы рейстен эмне себептен түшүрүп салганы түшүндүрүлгөн.

"Сеул-Алматы каттамындагы КС 910-рейстин борт коштоочулары учак абага көтөрүлөр алдында жүргүнчүлөрдү даярдап жаткан. Ал учурда бизнес-класста отурган жүргүнчү Зууракан Каденова берилген суроолорго жооп бере албай жатканын жана анын абалы учууга жол бербей турганын байкашкан. Учуу жана жүргүнчүнүн коопсуздугун сактоо максатында Каденованы учактан түшүрүп салуу чечими кабыл алынган", - деп билдиришкен компаниядан.

Компаниянын билдиргенине караганда, Каденова учактан өз алдынча түшүп кетүүдөн баш тарткандыктан учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары түшүрүлүп, кайра текшерүүдөн өтүшкөн. "Окуянын жыйынтыгында рейс 1 саат 47 мүнөт кармалган. Зууракан Каденова кийинки күнү КС 960-рейс менен учкан. Азыркы учурда авиакомпания окуянын деталдарын аныктоо үчүн ички иликтөө жүргүзүп жатат", - деп билдиришкен.

Ал эми SUPER.KG порталы аталган жагдай боюнча "Эйр Астана" компаниясына кайрылганда, Зууракан Каденова учактан түшүрүлгөн учурда мас абалында болгонун маалымдашкан.

"Жүргүнчү чынында учактан түшүрүлгөн учурда мас абалында болгон. Эгерде жүргүнчүнүн жүрүм-туруму учууга кооптуу деп эсептелинсе, учактын экипажы аталган жүргүнчүнү каттамдан түшүрүү чечимин кабыл алат", - деп айтылган компания тарабынан берилген маалыматта.

22-сентябрда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки сааттай кечигип учууга аргасыз болгон. Аталган маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилиги да тастыктаган. Ушул эле күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аны ээлеген кызматынан бошотуу буйругуна кол койгон.

Бирок бүгүн Зууракан Каденова SUPER.KG'ге ошол учурда мас абалда болгону боюнча таратылган маалыматтар калп экенин айтты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.09.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
видеосун жоноткуло
25.09.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
[moderated]да журот видеосу. Президенттик аппарат мас катындын чуусун таратпагыла деп аралашып жатса, жээни дегендери туура эле окшойт. Жоопкерчилике тартылыш керек. Коомдук жайда,министрдин мындай корунушу отоле кыргыз элинин аброюна кара так тушуруп жатат. Тойгончо ичип,олорчо актанат....
25.09.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президенттик аппарат мастарды колдойт окшойт, адашпасам Соке намаз окуйт белен ээ, эмне унчукпайсын бул катын жонундо.
25.09.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХХХХХХХХ корунуп турбайбы,бизнес класста отурбай калгыр.Мамлекеттин жузу силерсинер го качан болсо жаман тарабынар менен таанылтасынар биздин Бейиштей болгон Кыргызстаныбызды.Илим билимдуу адамдын колунан эч качан мындай терс корунуш келбейт.Еще зам министр дейт сени.Озун элдин бетин квнтип карайсын эми.ХХХХХХХХ тапкан акчан болсо керек сенин да кочуп кет эми эл журт тааныбаган олкого.Уят олумдон кучтуу деген кеп бар.Ичсен да ченеп ичпейсинби,кайдагы жомокту айтып элди алдабагын.Уят,уят,уят,уя
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-25 11:14:38
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: