Декларация: Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-жетекчиси Ишимбай Чунуев 2012-жылы 166 641 сом иштеп тааптыр
Тапшырган декларациясына таянсак, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-жетекчиси Ишимбай Чунуев 2012-жылы негизги иш ордунан 166 641 сом иштеп тааптыр. Анын кыймылсыз мүлктөрүнө 126 чарчы метр жерди ээлеген 1, 141 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үй, 24 чарчы метр аянтты ээлеген 1 батир кирет. Автоунаалары булар: 2005-жылы чыгарылган Хаммер Н2 жана 2005-жылы чыгарылган Тойота Камри. Чунуевдин жакындары былтыр 240 миң киреше тапса, 54 чарчы метр аянттагы бир батирге ээлик кылышат. Алардын кыймылдуу мүлктөрү Тойота RAF 4 жана Тойота 80 унаалары (чыгарылган жылдары көрсөтүлгөн эмес).
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















