super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткан 5 милиция кызматкеринин аты-жөнү айтылды

 

Бүгүн, 24-сентябрда Жайыл райондук соту милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча милиция кызматкерлеринин ишин карады. Маркум кыздын атасы Турдали Кожоналиевдин SUPER.KG'ге кабарлашынча, сот отурумунда ишти караган судьяга дагы ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, жыйынтыгында иш Чүй облустук сотко өткөрүлүп берилди.

"Кызымдын өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткан 5 милиция кызматкеринин сот отуруму Жайыл райондук сотунда каралды. Бирок алар суракка алынышкан жок. Отурум башталары менен судьяга дагы бир ирет ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотко өткөрүп берүүнү талап кылдык. Сот кеңешме залынан чыгып иш Чүй облустук сотуна өткөрүлүп бериле турганын окуп берди. Эми Чүй облустук сотуна да арыз менен кайрылып Бишкектеги Октябрь райондук сотко өткөрүп берүүнү өтүнөбүз", - деди Кожоналиев.

Ал эми Бурулай тарапка жактоочулук кылып жаткан адвокат Эсения Рамазанова Бурулайдын өлүмү боюнча күнөөлөнүп жаткан 5 милиция кызматкеринин аты-жөнүн атады. Алар: Э.Кадышев, З.Айткожоев, И.Иманалиев, Э.Макеев жана З.Байтереков.
"Булардын бири тергөөчү, экөө нөөмөтчү болсо, дагы экөө Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери", - деди Рамазанова.

Ал эми Бурулайга бычак сайып өлтүрүүгө шектүү жарандын иши жакынкы арада карала турганын кошумчалады.

"Биздин өтүнүч боюнча иш Жайыл райондук сотунан Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүп берилмек. Бүгүн эртең менен Свердлов райондук сотунан сураштырсам документтер азырынча келип түшө электигин билдиришкен. Ал эми Жайыл райондук сотунан сурасам, "бүгүн эртең менен документтерди жибердик, түштөн кийин барып калат" дешкен. Менимче иштин кагаздары келген болсо, жакынкы күндөрү сот отуруму белгиленет", - деди жактоочу.

Милиция кызматкерлеринин иши боюнча алгачкы сот отуруму Жайыл райондук сотунда 13-сентябда каралып, алар күнөөлөрүн жарым-жартылай моюнуна алышканы маалымдалган.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс.Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марска эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы "кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгиси бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?" - деп билдирген.

Бул маалыматты Чүй ОИИББинин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон", - деген Сарчаев.

4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

Ал эми кыздын өлүмүнө шектүүгө карата кылмыш иши боюнча биринчи сот отуруму 5-сентябрь күнү Жайыл райондук сотунда өтүп, эки тараптын өтүнүчү менен иш Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
24.09.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен тушунбой жатам неге милициялар кызды олтургонун же кыскасы ойлоп ойума жетпей койдум
24.09.2018. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Samat98,ммлиция кызматкерлери шалаакылык боюнча айыпталып жатышат, милиция болумундо эн бир коргонуучу жайда отуруп олуп калганы окунучтуу да, карашкан эмес да,жайлоодо жургонсуп журушкон, ноомотто ишине так болсо ар бир инсан, кыз боодо олмок эмес!
25.09.2018. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне атасын мынча тигил сот бул сотко откоргону жатабыз деп.. эмнеге именно октябрьский сотко?
25.09.2018. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жактоочулар чындап эле иш кылатбы?
25.09.2018. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ушул кишинин адвокатына анча ишенбей ишенбей жатамда. Мүмкүн башка адвокат жалдап көрүш керекпи дейм.
25.09.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучту бардыгы закон чегинде болгондо айнектей жаш кыз олмок эмес
25.09.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция болумундо киши олтуруу бул деген тарыхта болгон эмес. Мунун баары кызматкерлердин шалакылыгынан
26.09.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маршрутка айдаган баланын жанында коп суммадагы акча болгон деп да айтып жатышат го, мумкун ошол да себеп болгондур Ким билет...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: