super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Кубанычбек Кулматовдун Кыргыз жарандыгын жараксыз деп табуу боюнча биринчи соттук отурум өтөт

 

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун жарандыгына байланыштуу соттук иши каралат.

Улуттук коопсуздук комитети Кубанычбек Кулматов Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алган деп тапкан. УКМКнын пикири боюнча, Кулматов 1995-жылы СССРдин жараны деген паспортун жоготуп жиберип, Орусия Федерациясынын паспортун алган. "1996-жылдын 26-ноябрында СССР жараны делген паспорту менен Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунан мыйзамсыз Кыргыз Республикасынын жараны деген паспорт алган. Кийин ал паспортторун 2001, 2003 жана 2013-жылдары жаңылаган", - деп билдирген УКМК.

Ал эми жактоочу Сергей Слесарев Кулматовго "Орусиянын жараны болуп туруп 1990-жылдары Кыргыз жарандыгын алган" деп иш козгоо туура эмес деп пикирин айткан. "Эгер ал чын эле ушундай кылган болсо, мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен, Кулматовго тагылган берененин мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейин гана. Ал эми учурда ортодон 20 жылга жакын убакыт өтсө дагы иш мыйзамга карабай козголууда", - деген Слесарев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: