super.kg logo

Бүгүн парламенттик комитет "Бакиевдер өлкөдөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен" деген Евгений Гуревичтин билдирүүсү боюнча маалымат угат

 

Евгений ГуревичЖогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети бүгүн саат 14:00дө Евгений Гуревичтин айткандары боюнча маалымат угат.

Жыйынга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов чакырылган.

Буга чейин Башкы прокуратура Евгений Гуревичтин "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча териштирүү иштерин баштаганын кабарлаган.

Учурунда Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич "Азаттыкка" берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ошондой эле 2015-жылы Кыргыз мамлекетинин прокуратурасынын өкүлдөрү АКШнын Алабама штатына барып, өзү менен жолукканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.09.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал акча чееекеси эле болсо керек.Чыгарып кеткени чын болгон болсун дейли силер эмне кыла аласынар?!Туштон кийин эсептеп отура бергиле эми.Шадиев канча чыгарып кетиптир кийинчерээк аны изилдегиле.Кылаарга иши жокто 7ж кийин эсептешкенин.Же алар кеткенден кийин бироолор жиберген бекен анча акчаны.Аман эле болгулачы.Куураттынар чекеден.Алла туз жолуна баштасынчы Кыргыз калкымы.
25.09.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка талкуулай турган темалары тугонсо керекго. Бакиев эле дешет жешти олтурушту тоношту алып чыгып кетишти дешип. Соттошот керек болсо омур бою бирок эч нерсе озгорулгон жок озулору эле бул жакта цирк болуп эле атышат. Омур боюга кесилген бакиев жана башкасы четде хандан ашык жашап журушот. Колдон келбегенден кийин жон эле коюшбайбы. Шадиевди качырышты аркасынан иш козгошту. Бакиевди качырышты аркасынан иш козгошту ушул кантип болсун.
25.09.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Падачы коп болсо кой арам олот деген саясат да бизде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: