super.kg logo

Айнуру Алтыбаева: "Иса Шейшенкулович - сезимтал адам". Депутат парламенттеги аялдардын ролун жогорулатууну суранды

 

"Иса Шейшенкулович - (Иса Өмүркулов - ред.) сезимтал адам" деди депутат Айнуру Алтыбаева 25-сентябрдагы парламенттик комитеттин жыйынында. Учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети депутаттарды бир нече кызматтарга сунуштоону талкуулап жатышат.

Ал көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркуловдун аялдарга сыйы жогору экенин баса белгиледи.

"Биз талапкерлерди сунуштап жаткан кеңешке аял депутаттарды да сунушташыбыз керек. Жогорку Кеңеш эң алгач өзүбүз гендердик теңдикти сактап берели. Талапкер сунуштаган коалициянын лидери катары Иса Өмүркулов аялдарды аябай жакшы сыйлайт. Мен аны билем. Ушул сунушумду да эске алсаңыздар", - деди Алтыбаева.

Өмүркулов болсо талапкер жайкы эс алууга чейин эле тандалып бүткөнүн айтып, кийинки сунуштоолордо аталган демилгени эске ала турганын кошумчалады. "Албетте, аялдарды сыйлайбыз. Аялсыз жашоо жок", - деди Өмүркулов.

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешке коалациялык көпчүлүктөн депутат Искендер Матраимов, ал эми оппозициялык фракциядан депутат Зиядин Жамалдинов сунушталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.09.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдар кызматы жетип алгандан кийин бутун кыргыз Элин шерменде кылып жатасынар. Биринер жаш журналист кызды да коркуттунар эле, эркектерге салып берём деп. Ошол иштин эмне болуп бутту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: