Министр Гүлмира Кудайбердиева №51-мектептин директоруна нааразы болгон жоолукчан практиканттарды кабыл алып, алардын маселесин чечип берди
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева борбордогу №51-мектептин директоруна нааразы болгон студенттерди кабыл алып, алардын маселесин чечип берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде 5-курста окуган студент Айзада Кыдырмышева билдирди.
Маалым болгондой, ал бүгүн борбордогу мектептердин бирине практика өтөө үчүн барган. Бирок мектептин директору аны жоолук салынгандыгы үчүн практика өтөөгө кабыл албай турганын айткан. Мындан улам, социалдык тармактагы баракчасына "Бүгүн расмий түрдө мектепте 1 айлык практикабыз башталмак. Бирок мектепке жоолугу бар кыздарды кабыл алышпай турганын айтышты. Биздин өлкө демократиялуу беле же адаштымбы? Кандай чара көрсөм болот?" - деген билдирүү жазган.
Интернетте студенттин билдирүүсү талкууга алынып, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага да жеткен. Андыктан министр студенттерди кабыл алып, көйгөйдү чечип берди.
"Практика өтөй турган студенттердин арасында жалгыз мен гана жоолук салынып жүрбөйм. Мага окшоп хиджаб кийген кыздардан дагы төртөө бар. Бүгүнкү окуяны интернетке жарыялаган соң билим берүү жана илим министри бизди кабыл алып, практика өтөө үчүн жоолук эч качан тоскоол болбой турганын айтты. Аны менен катар бизди кабыл албайбыз деген мектептин директоруна байланышып, маселени чечип берди. Эртеңден баштап практика өтөй баштайбыз", - деди ал.
кошулду



Мектеп болобу, университетке болобу хиджапчан барууга коншу олколордун баары тыю салган. Бизде да тыю салынышы керек. Ал эми тиги министр айымча аман эле болсун да. Бир мектепке директор болууга татыксыздар министр, зам.министр болуп журушот. АША менен Сокенин кадрлары.....
Баардык олкодо тыю салган дейсин. Адашасын.
эткендей жазыпсында.Жыланач ырдаган Зереге
Сабак берууго мумкун а жоолук салынгандарга
не мумкун эмес дегин барбы ошондо?