super.kg logo

Инстаграмдын негиздөөчүлөрү жетекчилик кызматтан кетет

 

Социалдык тармактагы популярдуу тиркемелердин бири Инстаграмдын негиздөөчүлөрү жетекчилик кызматтан кетет. Алар компаниядан өз каалоолору менен кетип жатканын батыш маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Инстаграм тиркемесинин негиздөөчүлөрү Кевин Систром жетекчилик кызматты аткарса, Майк Кригер башкы техникалык жетекчи болгон. Алар жакынкы арада кызмат орундарын бошотот. Бирок эмне себептен кетип жатканын так айтышкан эмес.

"Биз акыркы 8 жылда Инстаграм, 6 жылда Фейсбук компаниясынын кызматкерлери менен чогуу иштешкенибизге ыраазычылык билдиребиз. Азыр биз жашоонун жаңы сүртүмдөрүн баштайбыз. Компаниядан кеткенден кийин эс алууга киришебиз", - деген алар өз арызында.

Ал эми Инстаграм сервисин жетектеген Фейсбук компаниясы негиздөөчүлөрдүн кызматтан кетиши боюнча азырынча эч кандай пикир билдирген эмес.

Белгилей кетсек, Инстаграм мессенжери 2010-жылы иштелип чыккан. 2012-жылы Марк Цукербергдин Фейсбук компаниясы Инстаграмды 1 миллиард долларга сатып алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: