super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Бишкектеги Ак-Ордо конушуна жаңы мектеп салынды, бирок унаа жолдо тротуар жок. Балдардын коопсуздугун ким ойлойт?"

 

Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунда жаңы мектепке баруучу жолдун четинде тротуар жок, окуучулар унаа жол менен окууга барып келүүгө аргасыз. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочу Жылдызбек Турсунбаев "Элдик кабарга" маалымдады.

Анын айтымында, аталган конуштун ортосунда жайгашкан Муктар Өмүракунов жана Тагай Бий көчөлөрүнүн кесилишине жаңы мектеп курулуп, быйыл пайдаланууга берилген.

"Мектеп ачылып конуштун жашоочулары кубанып калышты. Ата-энелер дарек боюнча балдарын ачылган билим уясына тапшырышты. Албетте, үйдүн жакын болгону балдардын маршруттук таксиге тыгылбай жөө барып келгенине ыңгайлуу. Бирок бүгүн жаңы окуу жылынын башталганына 25 күн болду. Күн сайын унаа зуулдап өткөн, тротуары жок жолдун чети менен мектеп окуучуларынын жөө каттап жаткандыгы мени кооптондурат.

"Эрдик кылсаң сүрө кыл" демекчи мамлекет мектеп салгандан кийин ал жактан балдарыбыз каттай турган тротуарды дагы ойлонуштуруп койсо жакшы болмок. Себеби көптөгөн үйлөр же жер план ээлери мыйзамсыз жолду көздөй чыгып кеткен сыяктанат. Жол түшүп жатканда эл басчу тротуар дагы пландалат деп Транспорт министрлигинин айтканы бар. Андай болсо Ак-Ордодогу Тагай Бий көчөсүнүн тротуары кайда? Эмнеге буга көңүл бурулбайт? Бул меселе сөзсүз бирөөнүн баласын унаа сүзүп кеткенден кийин гана капарга алынабы?" - деп суроо салган тургун өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
25.09.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элчилик Кылычбек Султан жонундогу макалаларга талкууну ачып койгулачы. Мен анын ишмердуулугун колдойм. Аны каралап башташыптыр го :(. Россияга элчи кылып дайындаса. Коп кереги тиймек.
25.09.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууганым нааразы болбой сабыр кылып турсан. Ач коз болгон сайын болсун дей берет дегенден болбой.баары акырындан болотта канчалаган озу кыргызстандын 70% жеринде тротуар жок. Мектеп салыншан болсо болотта акырындап.
25.09.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
haydarkan,Туура көтөрүлгөн маселе деп ойлойм. Бул жерде ач көздүк эмес балдардын коопсуздугу сөз болууда. Тамдардын тосмолорун жылдырып тротуар салып койсо болот да бир заматта.Балким сиздин бала деле ошол жолдон басып калаар.
25.09.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
haydarkan,эч кандай ач коздукко кирбейт,бала эмес чон адам коркосун мындай жолдо,айрыкча биздин айдоочулар шашат го чиркин газды басып...
25.09.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тупа туура маселе
25.09.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура! Бул жол өзү,каршы-терши эки гана машина араң бата турган жол. Анан дагы өтө тез айдашат. Кошумча чекесинде асфальт м-н жөө адамдар басышат.Өтө коркунучтуу. Сүзүп кеткен учурларды көп эле көрдүм.Бирок негедир көңүл бурулбайт , айтылбайт.
25.09.2018. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолду салгандан кийин ,тротуарды кошо салганды биздикилер качан үйрөнөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: