ЭЛДИК ВИДЕО: Чубак Жалилов: "Зере костюмчан ырдаптыр, костюму жоктор деле жүрбөйбү"
"Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө дин аалымы Чубак Жалиловдун жергиликтүү телеканалдардын биринде кызуу талкуу жараткан Зеренин ыры тууралуу өз оюн билдирген видеосу жүктөлдү.
Анда Чубак Жалилов ырчынын аталган ыры менен клибине карата кандайдыр бир сын айтуудан алыс экенин билдирген. Ошондой эле бул ыр белгилүү ырчылардын ырындай маданияттын өнүгүшүнө салым кошпосо да, өлкөдөгү азыркы абалды чагылдырып турганын айткан.
Ал эми Зеренин кийген кийими боюнча "ич кийиминин сыртынан костюм кийип ырдаптыр, костюму жоктор деле жүрбөйбү", - деген оюн билдирген.
Чубак Жалилов Зеренин ыры тууралуу өз оюн билдирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Хиджаб кийинип алса кыздардын сулуулугу билинбей калат. Кыздар эч убакты сулуугун катпаш керек.
Кыскасын айтканда каалагандай кийисенер боло берет экен..негизи жаназа окулат окшойт бул кызга, болбосо сразу эле жаназа окулбасын деген окум чыкчу эле...