super.kg logo
  Саясат  

2017-жылы бюджетке канча миллиард сом түшкөнү жана канчасы иштетилгени кабарланды

 

2017-жылы атайын каражаттар жана мамлекеттик инвестициялык программасынын тышкы гранттарын эске алуу менен жалпы кирешелердин көлөмү 134 миллиард 700 миллион сомдон ашык түздү. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Анын билдиришинче, келип түшкөн жалпы суммага карата пландык көрсөткүч 95 пайызга аткарылган. Республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2017-жыл боюнча 123 миллиард 215 миллион сомду түзгөн.

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтардын чыгымдары дээрлик 19 миллиард 104 миллион сомду түзгөн. Бул каражаттар негизинен коргоо жана коопсуздук тармагына, экономикалык маселелерге, курчап тарган чөйрөнү коргоого, саламаттыкты сактоо тармагына, ошондой эле турак жай жана коммуналдык кызматтарга жумшалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: