super.kg logo
  Саясат  

1 айда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамасына 299 адам кайрылган

 
Июнь айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын коомдук кабылдамасына 299 адам кайрылган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын иши боюнча нааразы болгон 54 арыздануу түшкөн. Ал эми укук коргоо кызматкерлери боюнча 39, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрликтерине байланыштуу 28, энергетика тармагы боюнча 5, сотторго байланыштуу 17, мамлекеттик каттоо органдарына 15, социалдык фондго байланыштуу 5, насыя берүүчү мекемелерге 4, Мамлекеттик салык жана бажы кызматына байланыштуу 1,  транспорт ишканаларына байланыштуу 5, социалдык фондго байланыштуу 2, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына байланыштуу 33, башка министрликтерге жана мекемелерге 17 жана башка маселелер боюнча 92 арыз түшкөн. Аталган кызмат тарабынан чара көрүү үчүн министрликтерге жана мекемелерге 87 арыз жолдонду. Ал эми калган арыздар боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: