super.kg logo

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке максаттарына пайдаланышканы аныкталды

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл ИсакуноваЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке максаттарына пайдаланышканы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан 25-сентябрда кабарлашты.

Анда айтылгандай, Башкы прокуратура тарабынан аталган министрликте пландык текшерүү жүрүп, жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын тышкы миграция боюнча мыйзамы, кызматтык жана дипломатиялык жоболору бузулган.

"Ушул жылдын 12-сентябрында министрликтин Адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан иштеп жаткан жана жумуштан кеткен кызматкерлерге кызматтык жана дипломатиялык паспортторду берүүдө административдик мыйзам бузуу болгону аныкталган. Козголгон кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жиберилген. Андан сырткары министрликтин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке максаттарына колдонушканы аныкталган. Азыркы учурда бул багытта текшерүү иши улантылууда. Жыйынтыгында министрликтин кызмат жетекчилерине карата юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.

Депутат Аида Касымалиева 24-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин комитет жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри, анын орун басары чет өлкөгө окууларга көбүнчө өздөрү чыгат деген пикирин айткан. Ошондой эле эл өкүлү алар көпчүлүк учурда дипломатиялык паспортту колдоно турганын билдирген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
25.09.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде баягы эле адат, согуш берип чектелет. Болбой бара жатса жумуштан алат. Арадан 2-3 откон сон тиги жумуштан алынган башка майлуу-суттуу кызматта отурган болот.

Бутундой бир элди, олкону уят кылган зам.министрди жумуштан бошотуп тим болду. Бир депутат болсо эмнеге кызматтан бошоттун деп догурунат. Баракелде!!! Башка олкодо кызматтан бошотуп тим болбой кылмыш иши козголуп, камалмак. Бизде андай болсо кун батыштан чыгаар...

Эми мобу министр айымча жоопко тартылабы же
26.09.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетим жесирлердин акчасына семьясын ойнотуп келиптирда озу Эмгек жана социалдык онуктуруу министирлигине беш маал намаз окуган аял киши болсо деймда себеби жетимдердин акчасын жеген оо дуйнодо кандай жазасын аларын намаз окуган адам билет.
26.09.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол акча жетим жесирлеге берилбей эле бай манаптар сайрандап жүрөт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: