super.kg logo

MegaCom: "Сенин ХАЙПың" конкурсунун жеңүүчүсү аныкталды!

 

MegaCom компаниясы "Сенин ХАЙПың" конкурсунун жыйынтыгын чыгарды! Ачык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жеңүүчү болуп табылган Сергей Купавскийдин (@kypavskii) видеоролиги 430 добушка ээ болуп, автор баш байге – Cube Attention тоо велосипедин утуп алды!

Эске сала кетсек, конкурска катышкан ар бир каалоочу MP4, AVI, MOV форматында "хайп" сөзүнүн маанисин чечмелеген видео тартып жөнөтүүсү керек эле. Көптөгөн эмгектердин ичинен 7 мыкты видео тандалып алынып, megacom.kg сайтына жайгаштырылган.

Сергей Купавский үчүн хайп – бул убактысын абдан кызыктуу өткөрүү, тоодон жогорку ылдамдыкта түшүү, велосипед менен чукул бурулуштарды жасоо. Экстремалдык спортто жыгылып кетүү коркунучу боло тургандыгы бышык. Адреналиндин күчтүү заряды бардыгын жеңет! Эми ал бардык трюктарын жаңы тоо велосипединин жардамы менен аткара алат! Финалга чыккан ар бир катышуучуга фирмалык азембелектер, "Алтын" категориясынын АКЫСЫЗ номурлары белекке берилип, "ХАЙП" тарифинин "М" топтомуна жарым жылга жазылуу мүмкүнчүлүгү да тартууланды.

MegaCom жеңүүчүнү куттуктайт жана бардык катышуучуларга жигердүүлүгү жана креативдүү идеялары үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Facebook, Instagram, VK, Одноклассники социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылып, MegaCom жаңылыктарынын борборунда болуңуз! Алдыңкы уюлдук оператор байма-бай уюштурган акциялардын жана конкурстардын баалуу байгелерин утуп алыңыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.09.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен негедир мегаком иштетпеймин
26.09.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайбыз жеңүүчүнү .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: