super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы кызматына талапкер Рита Карасартова: "Акыйкатчыны шайлоодо канча депутат келсе, ошолор гана добуш бериши керек"

 

Эртең парламент акыйкатчыны шайлайт. Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлдү. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайим Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азизди көрсөткөн. Коомчулукта акыйкатчы ачык добуш берүү аркылуу шайланышы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Добуш берүүнү ачык өткөрүү сунушталууда, демилгени колдоо керекпи?" деген соболуна акыйкатчылык кызматына талапкер Рита Карасартова жооп берди.

Ал шайлоо ачык өтүшү керек деген сунушту колдоо керек деген пикирде.

"Мурда акыйкатчыны шайлоодо добуш берүүдө мыйзам бузуулар көп болгон. Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамында жашыруун добуш берүү өткөрүлөт деп жазылган. Жашыруун добуш берүү - эч ким сенин добушуңду көрбөш керек дегенди түшүндүрөт. 2015-жылы акыйкатчы шайланып жатканда кээ бир депутаттар өздөрүнүн бюллетендерин башка эл өкүлүнө таштап кетишкен. Мындай учурда ишеним кат иштебеши керек. Ар бир депутат өзү шайлоосу зарыл. Депутаттар бюллетенди көрсөтүп урнага салганын дагы көргөнбүз. Ал убакта депутаттарды баш көтөртпөй кармап турган учур болчу. 2015-жылы парламент жаңы эле иш баштап жаткан мезгил эле. Андан бери 3 жыл өттү, парламенттин курамы бышты, таза шайлоо өткөрөт го дегенге ишенгим келет. Эң негизгиси, жыйынга келбеген депутаттардын ордуна башка бирөөнүн добуш берүүсүн мыйзам бузуу деп эсептейм. Канча депутат келсе ошолор гана добуш бериши шарт", - дейт Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, акыйкатчы кызматына талапкерлер Канатбек Азиз, Токон Мамытов, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: