super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет башкы прокурор жыйынга келбегени үчүн Гуревичтин маселесин кароодон баш тартты. Эми укук коргоо органынын жетекчилери жалпы жыйында маалымат беришет

 

Евгений Гуревич"Баш прокурор чакырылган, бирок бул ирет да анын орун басары келиптир", - деп депутат Наталья Никитенко тармактык комитеттин жыйынында нааразычылыгын билдирди.

Эл өкүлдөрүнүн сунушу менен Евгений Гуревичтин маселесин тийиштүү органдардын жетекчилеринин катышуусу менен жалпы жыйында кароо чечими кабыл алынды.

Никитенко: “Биздин комитет - конституциялык орган. Башкы прокурор буга чейин да жыйынга келген эмес. 7 жылда акчаларды кайтаруу боюнча кандай иштер жасалганы тууралуу маалымат угушубуз керек болчу. Аталган маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында тийиштүү бардык органдардын башчыларынын катышуусунда кароону сунуштайм", - деди ал.

Баш прокурордун орун басары жетекчиси жакында эле эмгек сапарынан келгенин айтып, жумуштар чогулуп калганы үчүн келбей калганын билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратура Евгений Гуревичтин "мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион долларды чыгарып кеткен" деген билдирүүсү боюнча териштирүү иштерин баштаганын кабарлаган.

Учурунда Бакиевдердин каржылык кеңешчиси болгон Евгений Гуревич "Азаттыкка" берген маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргыз өлкөсүнөн 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин билдирген. Ошондой эле 2015-жылы Кыргыз мамлекетинин прокуратурасынын өкүлдөрү АКШнын Алабама штатына барып, өзү менен жолукканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: