super.kg logo
  Саясат  

Экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев: "Эл өкүлдөрү акыйкатчыны ачык шайласа туура болмок"

 

Эртең парламент акыйкатчыны шайлайт. Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлдү. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайим Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азизди көрсөткөн. Коомчулукта акыйкатчы ачык добуш берүү аркылуу шайланышы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Добуш берүүнү ачык өткөрүү сунушталууда, демилгени колдоо керекпи?" деген соболуна экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин пикири төмөндөгүдөй болду.

Аманбаевдин айтымында, шайлоо ачык өтүшү керек.

"Менин оюмча, туура, акыйкатчыны шайлоону ачык өткөрүү зарыл. Шайлоо - атуулдарга берилген эң чоң укук, ал укукту туура колдонуш керек. Эл өкүлдөрү акыйкатчыны ачык шайласа туура болмок. Ошондо чыныгы акыйкат шайлоо болот деп айтса болот.

Акыйкатчы - Кыргыз мамлекетинин ар биринин укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына көзөмөл жүргүзө турган Конституциялык бирден бир орган. Бул чоң мамлекеттик кызмат, ага келе жаткан адам таза болушу керек, эң башкысы - жеке принциби бар, бийликтен коркпогон адам болушу зарыл", - деди Аманбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, акыйкатчы кызматына талапкерлер Канатбек Азиз, Рита Карасартова, Токон Мамытов, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: