super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы кызматына талапкер Токон Мамытов: "Акыйкатчыны шайлоо жабык же ачык түрүндө өтүшүн парламент чечет"

 

Эртең парламент акыйкатчыны шайлайт. Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлдү. КСДП фракциясы Токон Мамытовду, "Бир Бол" фракциясы Рита Карасартованы, Маматурайим Момуновду жана Рыскул Бактыбаевди, "Ата Мекен" фракциясы Канатбек Азизди көрсөткөн. Коомчулукта акыйкатчы ачык добуш берүү аркылуу шайланышы керек деген пикирлер айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Добуш берүүнү ачык өткөрүү сунушталууда, демилгени колдоо керекпи?" деген соболуна акыйкатчы кызматына талапкер Токон Мамытов жооп берди.

Ал шайлоо мыйзамдын негизинде өтүшү керектигин айтты.

"Талапкер тарабынан парламентке "мындай кылгыла" деп айтылган туура эмес. Бул парламенттин иши, Жогорку Кеңеш өзү билет, өзү чечет. Шайлоо мыйзамдын негизинде өтүшү керек. Жабык түрүндө же ачык түрүндө өтөбү Жогорку Кеңеш чечиши керек", - дейт Мамытов.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Мирлан Бакиров, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, акыйкатчы кызматына талапкерлер Канатбек Азиз, Рита Карасартова, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: