Кыргызстан менен АКШнын аскерлери биргеликте терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренинг өткөрөт
Кыргызстан менен АКШнын аскерлери терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренинг өткөрөт. Иш-чара 5-июлда Токмок шаарындагы 52806-аскердик бөлүктө болот турганын Коргоо министрлиги билдирди. Кыргыз-америка аскерлеринин биргеликте тренингдерди өткөрүү иштери мындан бир ай мурда башталып, аскерлер тоодо машыгууга даярдык, аскага чыгуу, жарадарларды эвакуациялоо, туткундарды бошотуу жана башкалар боюнча окууларды өткөрүп келишет. Бул тренингдер 12-июлда жыйынтыкталат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

