super.kg logo

Акыйкат издеп Баткенден Бишкекке жөө келаткан тургундун маселеси боюнча милиция жооп кайтарды

 

SUPER.KG порталына Баткен районунун Сайтраим Абдилатов аттуу тургуну кайрылып, уулу күнөөсүз жерден кылмышка шектелип кармалып, акыйкат издеп Баткенден борборго чейин жөө аттанганын билдирген.

Бул маселе боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова төмөндөгүлөрдү билдирди.

"2018-жылдын 25-августунан 26-августуна караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында белгисиз айдоочу автоунаа менен Араван районундагы Найман айылынын 41 жаштагы М.Н. аттуу тургунун сүзүп, качып кеткен. Натыйжада М.Н. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон жерде жайгашкан дүкөндөгү видеобайкоодогу тасмалар алынып, кароо жүргүзүлгөн. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарынан Баткен районуна чейинки аралыкта коюлган видеобайкоодогу бардык тасмалар каралып, Баткен районунун Бужум айылынын 20 жаштагы С.уулу.К аттуу тургунуна таандык болгон Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаа аныкталып кармалган. Кармалган автоунааны текшерүүдө унаадан кызыл түстөгү канга окшош тактар табылган. Окуя болгон жерден алынган канга окшош тактар, унаадан алынган тактар жана маркумдан алынган кан менен биргеликте соттук-биологиялык экспертизага жиберилген. Экспертизанын корутундусунда алынган тактар маркумдун каны болушу мүмкүн экендиги аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда 41 жаштагы М.Н. жол кырсыгынан баш сөөгүнөн жаракат алып каза болгондугу белгилүү болгон. С.уулу.К. 2018-жылдын 13-сентябрында шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Бүгүнкү күндө жогорудагы кылмышты ар тараптуу, объективдүү тергөө үчүн дагы кошумча экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Юсупова.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(16)
25.09.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Канга окшош тактар..., "маркумдун каны болушу мумкун" деп экспертиза чыгарса, кандай тушунсо болот. Анда эмнеси экспертиза?, мен деле "мумкун"деп окшоштуруп коё берем. "Мумкун" менен деле мойнуна алдырып коё беришеби. видео байкоо жонундо так айтпаптыр. Жакшылап текшерип, акыйкат чечим чыгарса жакшы болот эле. Каза болгон кишиге келсек, ыйманы саламат болсун. Уй-булоосуно сабыр тилейм.
25.09.2018. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Snejana, менин оюмду айтыпсыз! Экспертизада "мүмкүн" деген корутунду чыкпаш керек!
25.09.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Snejana,Эн туура айтасын адамды урганда жок дегенде кичине бир жери кыйшайса керек эле.Эмнеге ошол началник ГАИ нин машинасын текшербейт окшош болсо?Экспертиза МУМКУН деген тыянак чыгарат.Экспертизада кимдер иштейт дипломду сатып алгандарбы же танышы кучтуулорбу бир канды айырмалай албаган!
25.09.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Олтуро сузгондон кийин машинасынын деле бир жери сынды болуш керек. Гаилер бат эле табат да. Ал жонундо деле ачык айтпаптыр. Мумкун менен чектелиптир. Азыр кызыл шапкечендерге ишин тушкондон Кудай сактасын. Аллахым ар бир пендесин кырсыктан сактасын.
25.09.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Олтуро сузуп качып кетсе машинанында бир жери майрыйса керек эле ошончо удар болгондон кийин. Биздин гаилерда акча десе озун жардан таштайт. Акыйкат деген нерсени унуттукко:(
25.09.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ой быйыл кышта Куршабта бироону камазга окшош груз машина сузуп комага тулуп калыптыр. Сузгондон бир жумадан кийин жолдошум Куршабка товар алып барса гигант менен эски машина да алдылары ийрийип мунда урулганбы иши кылса бир нерсе экен ошону тиги сузулгондун эжелери отуп кетип атып коруп милицияны жетелеп келишиптир ушул сузгон деп алар машинаны 20кундой камап экспертиза кылып оо иттей кыйнабадыбы. Жолдошум жолдогу АЗСтердин видеолорунан доказательство топтоп барып зорго чыгарып Алды машинасын.
25.09.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жок жерден кунолуу болуп кетейин денег. Мойнуна ала бербейсинби Адам олбосо камалбайсын дешип. 20кун иштебей кундо ошол жакка каттайт байкушум чунчуп кеткен ишти тапшырат окшойм машина айдагым келбей калды деп
26.09.2018. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыл шапкечендерди мен желе тарткан жоргомушко эле окшоштурам да желеси кыймылдаса болду чуркап чыгат но. Булар да ошондой шектуу деп алдынан чыккан адамды жоргомушчосунон суйроп кирип кетет
26.09.2018. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Агари да млиицияга күнүңдү салбасын Аллахым,булар больогон ишти күнөөсүз адамга тагып күнөөлү кылдыртып коюшат.Негизи бул аксакалдын баласына түшүшп жаткан мүшкүл каралоо ишти кылдаттык менен кароо керек.Бечара аксакал күйгөнчөлүк болуп жатат да.Эмнеси болсо да иш оңунан чечилсин да.
26.09.2018. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Так даана айтальаптыр мумкун мумкун канга окшош кызыл нерсе уят барсын бишкеке антпесе каралбайт мумкун менен камалып кеттет
26.09.2018. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошонун канына окшош экен деп,адамдардын каны ар тусто болуп калганбы кызыл жашыл кок сары болуп тообо.
26.09.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул байке кече кадамжайда отуп Кети бугун Кызыл кыядан ототко
26.09.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сокенин кадрлары куйдурдунор. Жалпы ИИМди (мвд) уят кылышты го МУМКУН деп. Мен деле такталбаган маалыматты айтып койо берем да. Ал бала ошол куну башка айылда жургон же уйдон чыккан эмес деп. Козёлдор уят эле. Намыс жок силерде!
26.09.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видео байкоодон коргондо номери корунотда.болбосо кантип эле кармай беришсин милиция.шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт.айдоочу качып кетпей убагында жардам корсоткондо.тируу калмак байкуш.анан оз ара кечирим сурап чечишип алмак.олгон тараптыда тушунуш керек.бир тараптуу эле болобербей.эгерде ошол олгондун ордунда силер болгонунарда же туугандарынар болгондо эмее квлмак элегер?
26.09.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгер видео бар болсо интернетке чыгарсын жардамдашабыз. ким сузгонун тактаганга!
26.09.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kimsanbek,дтп.селе Караван деп журот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: