super.kg logo
  Спорт  

Кум жээкте өтүп жаткан футбол боюнча Өлкө кубогунун алгачкы туру жыйынтыкталды

 

Кечээ, 25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Боз-Бешик айылында алгачкы жолу кум жээкте ойнолуучу футбол боюнча Өлкө кубогу старт алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.

Аталган мелдеште жалпы 7 команда катышып жатат. Мелдештин алгачкы беттешинде Жети-Өгүз менен Нарын командалары кез келишти. Беттештин жүрүшүндө Нарын командасы Элдос Бегалиевдин голу аркылуу эсеп санын ачканы менен, бул беттеште ийгиликке жете алган жок. 3 таймдын жыйынтыгында Жети-Өгүз командасы 8 гол киргизгенге жетишсе, Нарын командасы 4 гол менен гана жооп бере алды. Муну менен 8:4 эсеби менен уткан Жети-Өгүз командасы алгачкы 3 упайына ээ болду.

Экинчи беттеште Бишкек менен Каракол командалары күч сынашты. Бул беттеш кызуу болуп, Бишкек командасы беттештин жүрүшүндө 3:0 эсеби менен утуп жаткан. Бирок Каракол командасынын оюнчулары бир топ аракетин жумшап, голдордун айырмасын кыскартканга жетишти. Жыйынтыгында эсеп саны 5:4 болуп беттеш аяктады. Бул жыйынтык менен Бишкек курама командасы 3 упайды алды.

Күндүн жыйынтыктоочу беттешинде Чүй командасы менен талаа ээлери Боз-Бешик командасы кез келишти. 2 таймда Чүй командасынын оюнчулары өзүн мыкты көрсөтүп, атаандашына мүмкүнчүлүк бербей ойноп жатышты. 3-таймда Боз-Бешиктин оюнчулары 3 гол жаратканга жетишип, бирок эсепти тең кылганга үлгүргөн жок. Беттештин соңунда эсеп саны 6:3 болуп, Чүй командасы жеңишке жетти.

25-сентябрда орун алган беттештердин жыйынтыгы:

Жети-Өгүз - Нарын - 8:4;

Бишкек - Каракол - 5:4;

Боз Бешик - Чүй - 3:6.

Бүгүн, 26-сентябрда өтүүчү беттештер:

10:00 Жети-Өгүз - Каракол;4

15:00 Бишкек - Нарын;

16:00 Жалал-Абад - Боз-Бешик.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: