super.kg logo

Кытай Кыргызга киргизилип кеткен уулуу затты кайтарып албай жатат

 

"Жунда" заводу өлкөгө Кытайдан уулуу зат киргизип кеткен. Өкмөт аны кайтара албай жатат.

Бул маалыматты Жогорку Кеӊештин жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов билдирди.

"Өлкөгө киргизилбеши керек болгон уулуу зат киргизилип кетиптир. Аны кайра Кытайга кайтара алган жокпуз. Кытай тарап "ошол жактан эле жок кылып берсеӊер" деген маселе койду. Биз аны Улуттук илимдер академиясына берсекпи деп жатабыз, анткени илимий изилдөө иштерине керек экен. Азыркы тапта уулуу зат кампада сакталып турат", - деди Рустамов.

Депутаттар аталган уулуу зат адам ден соолугуна өтө коркунучтуу экенин, бул маселени тезинен чечүү керектигин эскертишти.

2010-жылы Кыргыз жерине тетрахлорэтан затын алып кирүүгө тыюу салынган. 2017-жылы "Жунда" заводу өлкөгө 1 тонна аталган затты алып кирген. 1,5 жылдан бери бул маселе чечиле электиги белгилүү болду.

"Жунда" - Кара-Балтада Кытайдын инвестициясына курулган мунайды кайра иштетүүчү завод.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
26.09.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баш иштебесе колу буттун шору.
эмне деген уулуу зат ?
Кантип ошону текшербей өткөрүп жибердиңер ? Кытай айтпай туруп өткөрүп берсе, анда подстава кылышыптыр да.
26.09.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыйзам боюнча кытайлар компенсация толош керекпи? Же биздин уурулар эчак эле алып жутуп койгонбу?
26.09.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Киргизилип кетиптирда эээ? Ким киргизип ийди экен? Ким киргизсе кайра чыгарсын кантип болсода, ото коркунучтуу уулу затты кармап отурбай.
26.09.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ото зыяндуу зат бул. тетрахлорэтан улуу заты жарылып кетсе адам омуру кыялат. вирус таркап эл ууланып олот. тезинен чыгаруу керек бул затты. киргизип жатканда оозунарды ачып отурдунарбы? ошол уулуу затты киргизген эргулдар жоопко тартыш керек.
26.09.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биздин чоңдорго баары бир болуп калды.Япониядан келген радиацияга ууланган машинелер да бир аз тополоң болуп кайра сатылып кеткен.Кыргызстан свалка болуп калды го.Элди ким ойлойт.Карупция менен күрөш деп курук чаканы калдыратып олтурабыз.
26.09.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ТЭЦтин акчасын бөлүп алып жегендей эле ушул уулу затты да бөлүп алып жеп койсоңор болмок экен чоңдор.Ууга келгенде жебейсиңер да,акчага келгенде сугунасыңар өлүп бара жаткансып.Тез арада жоготбосоңор ушул уулу затты, президент менен сүйлөшүп тийиштүү адамдар ХХХХХХ ХХХХХХ,ушул уулу затты киргизгениңер үчүн.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-26 12:31:44
26.09.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман күйгүздүңөр шалпыйгандар Ак үйдүн кампасына киргизип чоңдор өздөрү ууланса екен биринчи.
26.09.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Завод жанында жашаган элди ойлосонор алар акчалары жок канчалык зыян болсо да чыдап ооруп жашап жатышат элди ойлобой чонтогун ойлогондорго наалат болсун
26.09.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күйүп күйүп кетесиңда ушундайларды уксаң кирип кетиптир деп отура бергиле ушинтип отурсаңар бир күн ХХХХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-26 12:54:11
26.09.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ak uygo alyp kelip togup bergile oylonup bir eki jyl iwtesin
26.09.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытай эми ууландырып олтурот экен да, негизи эле Жунданы КРга салыш керек эмес эле.
26.09.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алтындарды алып чыгып кетсе аа деп, уулуу затты алып келишсе у-уу деп тан калып отура бергиле чон соройлор..
26.09.2018. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу! Ушундай дагы жоопкерчиликсиз болушабы. Соз жок, айтканда эмне... ыйлагын эле келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: