super.kg logo

Алмамбет Шыкмаматов: "Чиновниктер эмгек сапарына 20 миллиард сом кетирет. Жарандарыбыз аталарынын арбагы үчүн 3 миллион сом сураса каршы болуп жатабыз"

 

"Чиновниктердин иш сапарларынын акчасын кыскарталы" деди депутат Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин жыйынында. Учурда эл өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согушта чет өлкөдө калып калган Кыргыз жарандарынын бейитине барып куран окууга туугандарына каржылык көмөк көрсөтүү боюнча мыйзамды карап жатат.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов эл өкүлдөрүн аталган мыйзам долбоору үчүн каражат бөлүп берүүгө чакырды. "Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн эмгек сапарларына жылына 20 миллиард сом кетип жатат. Акча жок болсо, биз да сапарларды кыскарталы. Ата-бабанын арбагына 3 миллион сом бөлөлү десе, каршы чыгып жатабыз. Шайлоодо элге эмне деп убада бердик эле?" - деди Шыкмаматов.

Маалыматтарга караганда, аталган согуш учурунда Европа өлкөлөрүндө жана КМШ аймагында 56 миң Кыргыз жараны калып калган. Өкмөт аталган демилгени ишке ашырууга каражат жетпей турганын айтып жатат.

Эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун артка кайтаруу демилгесине 15 мүнөттүк танапистен кийин добуш бермей болушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
26.09.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, 467 постановлениедеги нормаларды кайра караш керек, азайтыш керек
26.09.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куранды уйдо отуруп мындай деле окуса тиет сообу.
26.09.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshondo bir jyl chinovnikteribiz emgek saparyna chykpasa 289 000 000 dollar unomdolot ekenda
Mularamov түзөттү 2018-09-26 20:06:09
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: