super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Райондук билим берүү бөлүмү: "Ноокаттын Агарт аймагындагы мектептин имараты ижарага алынган. Бул жылы аны жаптык"

 

"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Агарт башталгыч мектебинин бүгүнкү абалын видеого тартып жөнөткөн. Анда мектептин ичинде электр энергиясы жок, урап калуу коркунучунда турганын айткан.

Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда, окурман жөнөткөн маалымат калп экенин билдирди.

"Ош облусунун Ноокат районундагы Агарт башталгыч мектеби жөнүндө таратылып жаткан маалымат жалган. Аталган мектеп былтыркы окуу жылында жабылган. Анткени былтыркы жылы мектепте 1-4-класстарда жалпысынан 12ден ашпаган окуучу окуган. Бул аз комплекттелген мектеп. Учурда окуучулар жакынкы айылдагы билим берүү мекемесинде окуп жатышат. Ошондой эле аталган айылда 1-класска бара турган жалгыз гана окуучу бар. Ал эми мектептин жалгыз мугалимин иш менен камсыз кылуу боюнча Ноокат райондук билим берүү бөлүмү алектенип жатат", - дейт басма сөз кызматы.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев Агарт башталгыч мектеби 2018-2019-окуу жылында жабылганын айтып, буларга токтолду.

"Аталган мектеп Ноокат районунан бир канча чакырым алыстыктагы тоодо жайгашкан. Ал жакка унаа дагы каттабайт. 2008-жылы балдардын саны көп болгондуктан айыл өкмөтү бир тургундун үйүн ижарага алып, балдарды окутуп баштаган. Башталгыч мектепте 1-2-класстын окуучулары бир окуса, 3-4-классты окуучулары чогуу окушат. Былтыркы жылы, тагыраагы, 2017-2018-окуу жылында 11 бала окуп, алардын 6-7си 4-классты аяктаган. Мындан улам 2018-2019-окуу жылында мектепти жапканбыз. Айыл тургундары балдарын Ноокат районундагы туугандарыныкына жиберип, ошол жактагы мектептерде окутат. Ал эми видеого тартып алып, балдар окуп жатат деген автор аны кандай максатта жасаганын билбейм. Бүгүн, 26-сентябрда аталган айылда кандай маселе болуп жатканын билүү үчүн райондон кызматкерлерди жибердик", - дейт Асанбаев.

Агарт аймагында 30дай үй-бүлө жашайт.






21-кылымда да ушундай мектепте окуп жатышат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
Медиа-портал
26.09.2018. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ото акталдуу маселени чагылдырыптыр автор, азыркы заманда ушундай мектеп бар экени эч оюма келбептир.Эми чондор чара корушоор, Телефонду ушул окурманга бериш керек
kechirmeni түзөттү 2018-09-26 08:31:54
Медиа-портал
26.09.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эжекеси ошол жерде жашайт окшойт а? Тообо ушундай мектептер да бар экен да а!
26.09.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыры жабылган дейткоо. Заңгыраган мектеп бир жылда эле жепирейген тамга айландыбы? Ага чейин ошол зданияда окуганыбыз чын дебейби дейм да
26.09.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжекеге данк!
26.09.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектеп куруп бербегенинерден кийин башка жакка барып билим алганга аргасыз болотда, райОНОну илим,билим министрин иштен алып жазалагыла. Качан элдер оздору айтып чыкпаса, эшекке минерлер элдин койгойун ойлопда койбойт. Биз билбеген мектептер коп болсо керек. Сооронбай Жээнбеков президенибиз тез чара корот деп ойлоймун.
26.09.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыры жабылган болсо,демек былтыркыга чейин окуган да ушул уйдо
26.09.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи мугалим,Акыркы мугалимге айланып бараткандай таасир калтырды...
26.09.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14 окуучум бар деп айтып атат го демек бугунку кундо окуйт да 14 окуучу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: