super.kg logo
  Саясат  

Рита Карасартова акыйкатчылык кызматына эмне үчүн ат салышып жатканын айтып берди

 

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы кызматына талапкер Рита Карасартова бүгүнкү күндө Акыйкатчы институтунун адамдардын укугун коргоого толук түрдө мүмкүнчүлүгү жете турганын билдирди.

Ал акыйкатчылык кызматына эмне үчүн ат салышып жатканын айтып берди.

"Бүгүнкү күндө Баткенден бир жаран балдарынын укугун коргой албай Бишкек шаарын карай жөө келе жатат. Эки жыл мурун бир аял Нарындан келип өзүн өрттөгөнгө аракет кылган. Мындан сырткары элдин көйгөйүнө байланыштуу көп маселелер бар. Акыйкатчы институту жыргаган институт эмес. Ал жакка келип эл өзүнүн жакшы иштерин айтпайт, эл ал жерге барып өзүнүн ыйын, муңун айтат. Акыйкатчы институту адамдардын укугун коргоого ыйгарым укуктар жетишпей жатат деп угам. Бул туура эмес. Бүгүнкү күндө бул институттун адамдардын укугун коргоого толук түрдө мүмкүнчүлүгү жетет. Каражат тартыш деген да туура эмес пикир. Акыйкатчы институту бир адамдын көйгөйү чечилип жатканда ага окшогон миң адамдын маселесин чечкенге жол таап берүү керек.

Өлкөдө көптөгөн мамлекеттик каналдар бар болсо да, укуктук тармакка багытталган акыйкатчынын сааты болбойт. Укуктук тармак боюнча телеберүүлөр болсо эл ичинде алдамчыларга алдангандар аз болмок", - деди Карасартова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: