super.kg logo

Бахадыр Сулейманов Токон Мамытовго: "1 жыл мурда бир генералыбыз "Белизгейт" жөнүндө айтты эле. Эми сиз "Казакгейтти" баштап жатасыз"

 

Бахадыр Сулейманов"Сиз мени башка өлкөнүн жараны деп айтыптырсыз" деп депутат Бахадыр Сулейманов Акыйкатчылыкка талапкер Токон Мамытовдон парламент жыйынында сурады.

Сулейманов: “Буга чейин сиз ЖМКлардын бирине менин башка өлкөнүн жараны экендигим боюнча маалымат айткансыз. Эгер сизде мындай маалымат болсо, эмне үчүн документтерди алып чыкпайсыз?"

Мамытов: "Мен сизди түшүндүм. Сиздин башка өлкөнүн жараны болгонуңуз боюнча менде материалдар бар. 1 ай мурун Казакстандын ИИМи тарабынан жана Кыргыз органдары тарабынан маалыматтар алынып, прокуратурага жана ИИМге өткөрүлүп берилди".

Сулейманов: "Бир жыл мурун бир генералыбыз “Белизгейт” жөнүндө айтты эле. Эми сиз “Казакгейтти” баштап жатасыз. Урматтуу депутаттар, мен СССРдин жараны болгом жана ал тарагандан кийин автоматтык түрдө Кыргыз Республикасынын жарындыгын алгам. Ошондон бери ушул жерде жашап келем”.

Ошондой эле Сулейманов Мамытовдун бир эле учурда эки кызматта иштеп, мыйзамды бузуп жатканын айтты. Токон Мамытов премьер-министрдин кеңешчиси катары эле мамлекеттен айлык аларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.09.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу кенешчи пенешчи деп айлык толой берген туура эмес деп ойлойм ал жумушту жок кылса да ыраазы болот элем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: