Ырчы Каныкей кыздуу болду



Ырчы Каныкей кыздуу болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.
Маалым болгондой, ырчы ымыркайын 24-сентябрда жарык дүйнөгө алып келип, бүгүн төрөтканадан үйүнө чыгып келди.
"Кудай буюруп кыздуу болдук. Атын таенеси Акмарал деп койду. Биринчи төрөтүмдө аябай кыйналган болчумун. Бул жолкусу жеңил болду. Төрөтканага түнкү саат 12лерде келгем, арадан 1 жарым саат өткөндөн кийин эле төрөдүм. Азыр кызымдын да, өзүмдүн да ден соолугум жакшы", - дейт кубанган ырчы.
Айта кетсек, Каныкей менен жолдошу буга чейин 1 уулду тарбиялап келген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
12

Ар кимге боюмда бар, тигиндей,мындай деп жарыя кылбай деле тынч төрөсө болот тура