Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу: Бекболот Токтогонов монголиялык дзюдочуга утулуп, медаль үчүн күрөштү токтотту

Бүгүн, 26-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун 7-мелдеш күнү старт алды. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Бекболот Токтогонов татаминин үстүнө чыгып, алгачкы беттешинде жеңилип калды.
Юрий Краковецкий 100 килограммдан жогорку салмак ченинде беттешип, 1/32 финалдын алкагында монголиялык Найдан Тувшинбаяр менен кез келди. Беттештин соңуна 1 мүнөт 30 секунд калганда монголиялык дзюдочу Токтогоновго ыкма колдонуп, иппон менен жеңишти камсыздады.
Муну менен монголиялык спортчу 1/16 финалга аттанып, Бектболот Токтогонов медалдар үчүн беттешин токтотту.
Эске салсак, бул салмак ченинде дагы бир кыргыз спортчу күч сынашкан. Краковецкий беттешти 1/16 финалдан баштап, анда кубалык дзюдочуга жеңилип калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.