super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы кызматына талапкерлер ЖАМКны реформалоодо кандай көйгөйлөр бар экенин айтышты

 

Бүгүн, 26-сентябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев акыйкатчы кызматына талапкерлерден Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын реформалоодо кандай көйгөйлөр бар экенин сурады.

"ЖАМКны реформалоодо кандай көйгөйлөр бар? Кандай сунуштарды бере аласыздар?" - деди Казакбаев.

Акыйкатчы кызматына талапкер Токон Мамытов: "Эң биринчи, албетте, ЖАМК системинин түзүмүн өзгөртүү керек. Тиешелүү каражаттарды бөлүп бериш керек. Каражат жетпегендиктен көйгөйлөр болуп жатат. Кадр маселесин караш керек. ЖАМКда ИИМ, Коргоо министрлигинде иштеп, жашы пенсияга чыгууга жакындап калгандар иштейт экен. Ошондой эле бул тармак прокуратура, жарандык коом тарабынан көзөмөлдөнүп турушу керек", - дейт.

Акыйкатчы кызматына талапкер Рита Карасартова: "Анча-мынча, орто кылмыш жасагандарды камабай, айып пулга жыгуу системин киргизүүнү карап көрүү зарыл. Камаганга барбай, айып пул салсак жакшы болмок", - деген пикирин айтты.

Акыйкатчы кызматына талапкер Рыскул Бактыбаев бул көйгөйлүү маселе экенин айтты. "ЖАМКнын режимдерин карап чыгуу керек. Жатак абагын жоюу зарыл", - деди.

Аталган кызматка талапкер Канатбек Азиз: "Укук коргоо кызматкерлери камакка алынса өзүнчө отургузулат. Депутат, министрлер болсо башкалар менен чогуу отуруп жатат. Алар дагы өзүнчө отургузулушу керек", - дейт.

Учурда парламентте акыйкатчыны шайлоо өтүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: