super.kg logo

Депутат Токон Мамытовдон "Акаев менен Бакиевдин туура эмес багытта кетип жатканы боюнча учурунда айтып чыктыңыз беле" деп сурады

 

"2005-жылкы окуяларда алдын ала мындай кылганга болбойт деп айттыңыздар беле" деп депутат Мирлан Жээнчороев Токон Мамытовдон парламент жыйынында сурады.

Ал акыйкатчылыкка талапкер Токон Мамытовдон 2005-жылы кандай кызматта отурганын сурады.

“Мен ал учурда УКМКнын төрагасынын орун басары болчумун. 2005-жылкы окуядан кийин маркум Дооронбек Садырбаев аталган маселе боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болчу. Ал "ушул кызматкерлерге рахмат айтыш керек экен. Атайын кызматтын айтканын кылбастан, бийлик эми таз кейпин кийип калды" деп айткан. УКМК жардам берели деп оппозицияны бийликке жолуктурганга аракет кылганбыз. Бирок Нооруздан кийин аларды жогорку жак кабыл албай койгон”, - деди ал.

Ошондой эле мындай аракеттер 2010-жылга чейин да болгонун кошумчалады. "Топчубек Тургуналиев, Болот Шамшиев, мен сыяктуу бир нече адамдар президенттин жанында болчу. Башкалар президентке айта алган эмес. Мыктыбек Юсупович (Абдылдаев - ред.) бийликке кемчилигин айтып, кызматын таштап кеткен. Муну айтпайын дедим эле. 2009-жылы бийликке нааразы болуп, көпчүлүгүбүз кызмат ордубузду таштап кеткенбиз", - деди Мамытов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.09.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кой аксакал дем алчы сураааныыыч
26.09.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Токон Мамытовдой кыраакы аксакалдар керек азыр. Бул киши мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, ар бир жарандын укугун дыккаттык менен козомолдоого бут аракетин жумшайт. Муну буга чейин далилдеген
26.09.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Токон мырза ар дайым мамлекеттин кызыкчылыгы учун иштеп келген анча мынча жаштарга караганда жакшы иштешине гарантия.
26.09.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бакай атабыздай кеменгер акылмандар кенешчи болуп келген, ошондуктан Токон Мамытовдой ак сакалдар акыйкатчы болсо кайра жакшы элди экиге болбой акыйкат чечтидерди чыгара алышат
26.09.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне ЖОгорку Кеңештин депутаттары акыйкатчы шайлабай эле Мамытовдон экзамен алып жатабы?
26.09.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Токон Мамытов универсалбы же андан башка кадр жокпу? УКМКда төраганын орун басары, жазаларды аткаруу комитетинин башчысы, чек арачы эми өтүп кетсе акыйкатчы. Саламаттыкты сактоо жана билим министрлиги эле калыптыр ал барбаган. Батукаевди кантип кош колдоп жөнөткөнүн эл унуттубу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: