super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Асия Сасыкбаева: "Кызматка элдин алдында сыйы жоктор келүүдө"

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бийлик акыркы учурда элдин кыжырына тийгендерди кызматтарга талапкер кылып көрсөтүп жатканын айтты. Ал Бишкектин мэри, министрлер, соттор, бул кызматтарга алып келген талапкерлердин бирөөнө да эл ыраазы эместигин билдирди.

Мындан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Бийлик кызматтарга сунуштап жаткан кадрларга кандай баа бересиз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева жооп берди.

Анын айтымында, жогорку кызматтарга коррупцияга малынгандар көп келип жатат.

"Кызматтарга элдин алдында сыйы жоктор келүүдө. Андан тышкары коррупцияга малынгандар дагы көп. Мисалы, сотторго коррупцияга малынгандар келип жатат. Куйруктары, аркасы таза эместер кызматтарга дайындалып, элдин кыжыры кайноодо. Мисал катары, мэриядагы кадрлар тууралуу айта алам. Оңолбой жатабыз", - деди Сасыкбаева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов, "Замандаш" саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов, саясат таануучу Марат Казакбаев, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Динара Ошурахунова, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: