super.kg logo

Нарын. Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры 5-республикалык театралдык фестивалдын жеңүүчүсү болду

 
Көрүүчүлөр фестивалдын жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтүшүүдө
Фестивалдын жүрүшүндө ырчылар да өнөрлөрүн тартуулап жатышты
Нарын музыкалык академиялык драма театрынын сахнасынын жасалгаланышы
Таттыбүбү Турсунбаеванын турмушун чагылдырган монолог айтылууда
Нарын музыкалык академиялык драма театрынын артисттери "Сахна" аттуу ырды аткарышууда
Чүй облустук драма театрынын актрисасы Ширин Сарыгулова өнөрүн тартуулоодо
Кош бойлуу экенине карабай фестивалга келип образ жараткан Ош улуттук драма театрынын актрисасы Самара Каримова сахнада
Нарын музыкалык академиялык драма театрынын жылдызы Жаңыл Айсаракунова (Нонна)
Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи
"Башкасын коюп Манасты айт"... Улуу эпостон үзүндү айтылды
Сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылууда. (башкы планда Т.Турсунбаеванын бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев)
Сыйлык тапшыруу аземи
Театр артисттери 15 номинациянын баарына ат салышты
"Туңгуч" жаштар театры сыйлык алууда
"Туңгуч" жаштар театрынын жетекчиси Жамал Сейдакматовага сыйлык тапшырылууда
Гран-Прини жеңип алган Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры
Сыйлык тапшыруу аземи
"Учур" жаштар театрынын режиссёру Барду Абдразаковго Жамал Сейдакматова алган сыйлыгын тапшырууда
Баткен драма театрынын "Кош жылдыз" дуэти сыйланууда
Сыйлык тапшыруу аземи
Кезектеги сыйлык тапшыруу
Нарын облустук мамлекеттик администриациясынын дипломдоруна татыгандар
Сахнанын артында кесиптештер эстеликке сүрөткө түшүп жатышты
Гран-Прини жеңип алган Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын артисттеринин кубанычында чек жок
Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрынан эстафеталык алтын ачкычы Баткен облустук драма театрына тапшырылды. Демек 6-республикалык театралдык фестиваль Баткен шаарында өтөт
Сыйлык тапшыруучулар "Тынчтык көгүчкөнүн" асманга учурушту Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, коомдук ишмер Нурканбек Турсунбаев, Нарын облусунун башчысы Канатбек Муратбеков, Жамал Сейдакматова жана башкалар
Султан Раев, Нурканбек Турсунбаев, Канатбек Муратбеков, КРнын Эл артисти, актриса Жамал Сейдакматова жана башкалар
Нарын музыкалык академиялык драма театрынын артисттери "Фестиваль" аттуу ырды аткарышууда
Көрүүчүлөр жакшы маанайда үйлөрүнө тарашты
Сахналаштар бири-бирин куттукташууда
Сахналаштар бири-бирин куттукташууда
Эстеликке сүрөткө түшүү
Сахналаштар бири-бирин куттукташууда
Эстеликке сүрөткө түшүү
Жергиликтүү тургундар атактуу инсандар менен эстеликке сүрөткө түшүүгө үлгүрүштү
Т.Турсунбаеванын агасы Нурканбек Турсунбаев, Нарын музыкалык академиялык драма театрынын артисти Жаңыл Айсаракунова жана Н.Турсунбаеванын жубайы

Нарын шаарында 1-4-июль күндөрү болуп өткөн белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган 5-театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды. Калыстар тобу байгелүү орундардан сырткары бир нече жеке номинациялар менен да театр артисттерин сыйлашты. 

Баш байгени Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры жеңип алып, 25 000 сом ыйгарылды. 1-орунду Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры, 2-орунду Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театры ээледи. Ал эми 3-орунга Бабур атындагы Ош облустук өзбек музыкалык драма театры жана Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры татыктуу болду. Сыйлыктар жөнүндө айтсак,

“Аялдардын эң мыкты образы” номинациясын Кочкор музыкалык драма театрынын актрисасы Жыпар Азим кызы, “Эркектердин эң мыкты образы” номинациясын Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад музыкалык драма театрынын актёру Улан Жапаралиев, “Эң мыкты дебют” наамын Чүй облустук драма театрынын актёру Бакытбек Нурмамат уулу, “Экинчи пландагы аялдар образын мыкты жараткан” жана “Таттыбүбү Турсунбаева” атындагы эл аралык сыйлыкты жана төш белгини Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын артисти Гүлмира Нургазиева багынтты. Ал Т.Турсунбаева атындагы фонддун атынан 10 000 сом менен сыйланды. Ушундай эле наамга жана сыйлыкка татыган дагы бир актриса Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актрисасы Айнура Качкынбай кызы болду. “Көп кырдуу талант” наамын Ош улуттук кыргыз драма театрынын актрисасы Самара Каримова, “Эң мыкты роль” наамын Баткен облустук драма театрынын актрисасы Гүлүмкан Садирова, “Эң мыкты классикалык театр” наамын “Туңгуч” жаштар театры, “Экинчи пландагы эркектин эң мыкты образы” наамын К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык театрынын актёру Нурлан Эржанов алды. “Эркектин эң мыкты ролу” наамын Ош улуттук кыргыз драма театрынын актёру Ташбек Кудайбердиев, “Эл аралык Муратбек Рыскулов” атындагы сыйлыкты Т.Ажибаев атындагы Алай райондук музыкалык драма театрынын актёру Чынарбек Осмонов жеңип алды. 

Мындан башка “Сахнанын эң мыкты жасалгалоосу” наамын Нарын музыкалык академиялык драма театры, “Эң мыкты режиссёрдук иш” наамын “Учур” жаштар театрынын режиссёру Барду Абдразаков, Сынчылар жамаатынын сыйлыгын Жумгал райондук музыкалык драма театры, СССРдин Эл артисттери Койсун Карасартова менен Сейитказы Андабековдун уул-кыздарынын атайын байгесин Баткен облустук драма театрынын “Кош жылдыз” дуэти багынтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: