super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы министрлерди, мамлекеттик кызматкерлерди жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырды

 

Бүгүн, 26-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында министрлерди жана мамлекеттик кызматкерлерди жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырды.

Ал маалымат каражаттарында жана коомчулукта сөз болуп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин туура эмес жүрүм-турумуна токтолуп өттү.

"Акыркы 10 күн ичинде эки министирликке тиешелүү ар кандай сөздөр айтылууда. Сеулдагы окуяны да көрүп жатасыздар. Тышкы иштер министрлигине байланыштуу окуялар боюнча ар кандай маалыматтар жазылып жатат. Мунун чын-төгүнү белгисиз, ал такталышы керек. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги өзүнө тиешелүү окуяларга чара көргөн эмес. Японияда министр мас абалында көрүнгөн үчүн өзүн-өзү атканга чейин барат. Бизде болсо өзүнүн туура эмес жүрүм-туруму менен сөз болуп, кайра башкаларга доомат кылышат. Мамлекеттик кызматкердин өзүнүн этикасы болот. Аны сактоо зарыл. Маалымат каражаттары туура сындап жатат. Биз акыркы окуялар менен коомчулуктун сынында калдык.

Дипломатиялык паспортторду, кызматтык паспортторду колдонуу боюнча өзгөртүү киргизүү керек. Мындай паспорт мамлекеттик кызматты жакшы аткарсын деп берилет. Аткарган ишибиз менен сынга кабылсак мейли, бирок жүрүм-турумубуз менен коомчулуктун сынына кабылбоого аракет кылуубуз зарыл”, - деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: