Көп убакыттан бери экрандан алыстап кеткен Голливуд актрисасы Анжелина Жоли жаңы фильмге тартылууда
Көп убакыттан бери экрандан алыстап кеткен Голливуд актрисасы Анжелина Жоли жаңы фильмге тартылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, актриса учурда Бренда Чапман режиссёрлук кылган "Артка кайтуу" аталышындагы фантастикалык тасмага тартылууда. Кино "Питер Пэн" жана "Алиса укмуштар дүйнөсүндө" жомокторунун негизинде тартылат. Анда Питер менен Алиса бир тууган болушса, Жоли алардын апасынын ролун аткарат. Фильмге Майкл Кейн, Анна Чэнселлор, Кларк Питерс жана башкалар да тартылат.
Белгилей кетсек, тасма 2020-жылы көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Ал эми тартуу иштери 1 жылга созулушу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.