"Ошто сызда отуруп, кайыр сураган апанын абалы зээнди кейитет" дейт журналист
Ош шаарынын Араван көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайлардын биринин алдында улгайып калган апа дайыма кайыр сурап отурат. Бул тууралуу журналист Гүлжан Алтымышбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Сураштырсам жалгыз уулу каза болуп калган экен. Келини кетип, эки небереси колунда дешти. Кызы бар экен, ал Тажикстанда жашайт, каралашпайт. Бирок маалыматты такташ керек", - деп жазган ал.
Ошондой эле Алтымышбаева жардам бергиси келген, кайдыгер эмес мекендештерибиз апаны Араван көчөсүндө жайгашкан "Смайлик" аталышындагы тамактануучу жайдын алдынан жолуктура ала турганын жазган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Болбойбу.Моюнга алыш керек колдон аалымдарды
Шылдындагандан башка эч нерсе келбейт
Аалымдар эмне кудай бекен. Аалымдарынар аман эле болсунчу. Мага бир тыйын пайдасы жок.