Ош мэриясы: "Араван көчөсүндө кайыр сурап отурган ападан тиешелүү кызматтар кабар алып турат"

Буга чейин журналист Гүлжан Алтымышбаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Ош шаарындагы Араван көчөсүндө улгайып калган апа кайыр сурап отурарын жазып чыккан.
Бул боюнча Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров төмөндөгүлөрдү билдирди.
"Социалдык тармакта талкууланып жаткан апанын аты-жөнү Ашим Анарбаева, 80 жашта. Ал Оштун Озгур айылынын тургуну. Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, шаардын ар кайсы жеринде тилемчилик кылып жүргөн энеден социалдык кызматкерлер кабар алып турат. Өзү жатак үйдөн баш тарткан. Баласы каза болуп калганы чын. Ал эми 2 небереси "Боорукердик” балдар үйүнө тапшырып, азыркы тапта ошол жакта тарбияланууда. Анарбаеванын Озгур айылында туугандары жана жашоого үйү бар. Тиешелүү кызматтар көзөмөлгө алып, жардам берилет", - деп билдирди Абсаттаров.
кошулду



өзүң ырайым кыл ушул апага.Балким жаш кезде жанылгандыр,бирок картайгпанда көчөдө жатканы эң жаман көрүнүш.